29.05.2019 15:50

Бишкек ЖЭБин жаңылоо боюнча кылмыш иши козголгонун «Эксимбанк» билбейт

Бишкек ЖЭБин жаңылоо боюнча кылмыш иши козголгонун «Эксимбанк» билбейт

Бишкек ЖЭБин жаңылоо боюнча кылмыш иши козголгонун «Эксимбанк» билбейт. Бул туурасында бүгүн, 29-майда Свердлов райондук сотунда өтүп жаткан соттук отурум учурунда белгилүү болду. 

Процесске Каржы министрлигинин өкүлдөрү Нурбек Мамасадыков менен Азамат Исаков жабырлануучу катары катышып жатышат. 

Улуттук Энергохолдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев алардан Кытайдын «Эксимбанкына» Бишкек ЖЭБин жаңылоо долбоору боюнча кылмыш иши козголгону маалымдалганын сурады. 

«Макулдашууда кандайдыр бир чырлуу жагдай чыкса, Каржы министрлиги бул туурасында «Эксимбанкка» кабар берүүгө милдеттүү экени жазылган. Чырлуу жагдай чыкты. Кабар берилдиби?», - деп кызыкты Калиев.

Каржы министрлигинин өкүлдөрү Кытай тарап учурда Бишкек ЖЭБи боюнча кылмыш иши козголуп, сот өтүп жатканынан кабары жок экенин билдиришти. Буга Калиев алар Финансы министрлигинин расмий өкүлү катары тез арада «Эксимбанкка» кабарлашы керектигин айтты.

Эскерте кетсек, ЖЭБде жаңылоо иштерин жүргүзүү үчүн Кыргызстан Кытайдын «Эксимбанкынан»  386 миллион доллар насыя алууну караган макулдашуу парламентте 2013-жылы 11-сентябрда колдоо тапкан. Ишти кытайлык ТBЕА компаниясы аткарган.